Ырчы Дайыр Исмадияровдун социалдык тармактарга унаасынын алдына жаш баланы отургузуп алып, айдаган видеосу тарады.
Видеодон ырчы унааны айдап бара жатканын көрүүгө болот.
Милициянын кайгуул кызматы бул окуя Ош облусунун Өзгөн районунда болгонун билдирди.
"Бизде азыр тактоо иштери жүрүп жатат. Эгер айдоочу Бишкек шаарында болсо анда ага протокол толтурулат", - деди милициянын кайгуул кызматынан.
Ал эми SUPER.KG порталы ырчыга байланышканда буларды айтты.
"Бул видео Өзгөн районундагы айылдардын биринде кечээ, 2-ноябрда тартылган. Биринчиден чоң шаарда айдаган жокмун, унаа жок жерде айдадым. Болгону видео тартыш үчүн он метр гана айдагам", - деди ал.