Индияны артта калтырып... Кыргыз спортчулары Дүйнө чемпиондугунда 21-орунга жайгашты

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасы Сербияда өткөн 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпиондугунда 21-орунга жайгашты. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтына жарыяланды.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 1-3-ноябрь күндөрү Сербияда өттү. Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын курамында 8 спортчу катышты. Марлен Асикеев (67 килограммга чейин) чейрек финалга чыгып, 7-орунду ээледи. Акыйкат Кулжигит уулу (55 килограммга чейин) чейрек финалга чыгып, 9-орунга ээ болду.

Калган кыргыз балбандары алгачкы беттештерде жеңилип калышты. Командалык мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 12 упайга ээ болуп, 44 команданын ичинен 21-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан