Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча катышып жаткан кыргыз балбандарынын эмоционалдуу видеосу социалдык тармактарга тарады.
Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан 5 балбан катышат. Эркин күрөш боюнча мелдештер эртең, 5-ноябрда башталат.
Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган кыргыз балбандарынын тизмеси:
Бекболот Мырзаназар уулу 57 кг;
Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг;
Айбек Токтогул уулу 65 кг;
Эрназар Акматалиев 70 кг;
Нуртилек Карыпбаев 86 кг.