Дүйнө чемпиондугу: Назира Марсбек кызы жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Назира Марсбек кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштады. Анда кыргыз балбан нигериялык балбан менен кез келип, 9:6 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Назира Марсбек кызынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү атаандаштан көз каранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан