Бүгүн, 5-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери уланат.
Бүгүнкү мелдеште эркин күрөш боюнча балбандар килем үстүнө чыгат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 балбан килемге чыгат. Бүгүн килемге чыкчу балбандардын тизмеси:
57 килограмм: 1/8 финал: Бекболот Мырзаназар уулу - Юна Фафе (Гвинея);
65 килограмм: 1/16 финал: Айбек Токтогул уулу - Эрик Арушанян (Украина);
70 килограмм: 1/8 финал: Эрназар Акматалиев - Кристос Кристофоридис (Греция);
79 килограмм: 1/8 финал: Махаммед Абдуллаев - Лукас (Венгрия);
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да страт алат.