Дүйнө чемпиондугу: "Кыргыз желеги Белградда желбиреп...". Атаандаштарына бир гана упай алдырган Айпери Медет кызынын финалдагы сүрөттөрү

Кечээ, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Баса белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда жалпы 4 балбан менен кез келди. Ал 4 беттеште атаандаштарына 1 гана упай алдырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2021-11-05 10:00:17
Азаматсын Баракелде
+7
Neiro
2021-11-05 10:17:25
Молодец
+4
Mularamov
2021-11-05 10:17:37
Азия чемпиондугунда Колумбиялык менен кез келип дуйно чемпион болдубу.
+3
Mularamov
2021-11-05 10:18:31
Кечээ, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/384525/
+6
Aza2100
2021-11-05 10:29:00
Азаматсың карындашым, бүгүн да балбандарыбыз чыгат, аларга да алтын болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан