Катардын "Аль-Садд" футболдук клубу башкы машыктыруучусу Хави каталониялык "Барселонага" өткөнүн жарыялады. Мындай маалымат Катар клубунун расмий сайтына жарыяланды.
"Аль-Саддын" администрациясы келишимде каралган мөөнөтүнөн мурда кетүү пунктун төлөп бергенден кийин Хавиге "Барселонага" кетүүгө макул болду. Келечекте "Барселона" менен кызматташууну да макулдаштык. Хави "Аль-Садд" клубунун тарыхынын маанилүү бөлүгү жана биз ага ийгилик каалайбыз", - деп жазылды клубдун расмий сайтында.
Эскерте кетсек, буга чейин Хавинин катарлык клубдун жетекчилиги менен келишими бар экени, ага ылайык топ-клубдардын биринен сунуш түшсө, ал бошотулары айтылган. Айрым спорттук басылмалар "Барселона" клубу Хавини башкы машыктыруучу кылып дайындаарын жазышкан.