Бүгүн, 5-ноябрда Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да уланды.
Дүйнө чемпиондугунда алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган Бекболот Мырзаназар уулу гвинеялык Юна Фафе аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө кыргыз балбаны атаандашынын артына өтүп, айлантып 9 упай алды. Экинчи бөлүк башталганда эле Бекболот Мырзаназар уулу атаандашын килемден түртүп чыгарып, бир упай алып, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.
Бекболот Мырзаназар уулу Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышууда.