Казакстанда эл аралык айтыш өтүп, анда кыргыз төкмө акындары байгелүү орундарга ээ болушту. Акын Асылбек Маратовдун билдирүүсүнө ылайык, айтыш Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган.
Иш-чара Талдыкорган калаасында орун алып, кош байге менен өттү. Айтыш Алматы облусунун акимдиги жана Казакстандын Маданият министрлиги тарабынан уюштурулду. Байге фонду 8 миллион теңге.
Баш байге: Асылбек Маратов, Жандарбек Булгаков.
1-орун: Азамат Болгонбаев, Айшолпан Тилеүтай кызы.
2-орун: Кубат Тукешов, Мурадым Мирланов.
3-орун: Амантай Кутманалиев, Жалгас Максүтов.
Кызыктыруучу сыйлык: Баян Акматов, Сырым Абезхан.