Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Бекболот Мырзаназар уулу финалга чыкты.
Дүйнө чемпиондугунда алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган Бекболот Мырзаназар уулу жарым финалдык таймашта беларустук Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Эми кыргыз балбаны дүйнө чемпиондугунун алтын байгеси үчүн азербайжандык Алиаббаса Рзазаде менен күч сынашат.
Бекболот Мырзаназар уулу Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышууда.