Эртең, 13-ноябрда расмий түрдө баштала турган бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна акыркы Эл аралык мелдештерде жыйынтык көргөзүп жүргөн 3 мушкер катышпайт. Бул тууралуу КРнын бокс федерациясынын жана машыктыруучулардын жыйынынан кийин бокс федерациясынын президенти, КРнын башкы прокурорунун мурунку орун басары Абдыбакыт Халмурзаев билдирди.
Абдыбакыт Алыбаевичтин билдиргенине караганда, 52 килограмм салмак категориясында рингге чыгып келген Азат Усеналиев, 56 килограмм салмакта Өмүрбек Малабеков жана 64 килограмм салмакта Эрмек Сакенов бул жолку биринчиликке катышпайт. “Бул мушкерлер жыл ичинде Эл аралык мелдештерде көп беттеш өткөрүштү. Кеңешмеден кийин аларга эс алуу укугун бердик”,- дейт ал.