Эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду.
70 килограмм салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды утуп алды. Кармаш 10:2 эсеби менен аяктады.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпиондугу ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын медаль уткан.