Дүйнө чемпиондугу: "Желек желбиретүүнү унутта калтыра жаздап...". Эрназар Акматалиевдин финалдагы сүрөттөрү

Кечээ, 7-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктады.

Дүйнө чемпиондугуна 70 килограмм салмакта катышкан Эрназар Акматалиев финалда 23 жашка чейинкилер арасындагы Европанын учурдагы чемпиону армениялык Вазген Теванян менен кез келди.

Финал боло турган күнү Дүйнөлүк күрөш уюму социалдык тармактагы баракчасында дал ушул эки балбан тууралуу сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоо дээрлик 50 жана 50 пайыз болду. Финалда Эрназар Акматалиев атаандашын 10:2 менен жеңип, алтын медалга ээ болду.

Финал бүткөндөн кийин Эрназар Акматалиев финал экенин унутуп, калыс колун көтөргөн соң килемден чыгып кетип бара жатып дароо токтоп, желекти алып желбиретти. Бул көз ирмемди көргөн ар бир Кыргыз жаранынын патриоттук сезимин ойготту.

Муну менен Эрназар Акматалиев Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында 23 жашка чейинкилер арасында алтын медаль алган экинчи кыргыз балбаны болду. Буга чейин, 2019-жылы Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынган.

Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта дүйнөдө фаворит балбандардын катарына киргендигин баса белгилей кетүү керек. Аны менен чогуу машыккан балбандардын айтымында, Эрназарда "бул атаандашым күчтүү, бул атаандашым Дүйнө чемпиону, мындай күрөшүш керек" деген ойлонуу сезими жок. Ким менен кайсы жерде болбосун күрөшө берет.

Эрназар, азаматсың!

Эрназар Акматалиевдин жеңиши ( видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alinsan
2021-11-08 10:51:18
эркек!!!
+5
Dalil
2021-11-08 16:31:42
Эрназардын башкалардан озгочолугу акырына чейин женсе да женилсе да курошот. Ожорлугуно баа берем
+2
Rakyl12
2021-11-08 20:52:05
Ушу бала боло турган балада, эч артка кайта турган туру жок акырына чейин алга жылат, ото ожор бала. Азаматсын Аллах куч кубат берсин олимп медалын алып кел.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан