Алдыдагы жолдоштук беттештерге даярдануу максатында Бириккен Араб Эмирлигинде окуу-машыгуу жыйынында жүргөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасына коргоочу Валерий Кичин келип кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Валерий Кичин бүгүн, 8-ноябрда "Ак шумкарлардын" катарына кошулду.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ноябрь айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Биринчи атаандаш Сингапур курама командасы болот. Бул оюн 11-ноябрда Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда өтөт.
Экинчи жолдоштук беттеш Бахрейн курамасына каршы болот. Бул оюн 16-ноябрда Манама шаарында өтөт.
Ноябрь айындагы жолдоштук оюндарга карата жарыяланган Кыргыз курама командасынын тизмеси менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.