Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында мелдештерге катышуудан баш тартып, өлкөдөн көчүп кетүүнү чечкен UFC мушкери Рафаэль Физиевдин менеджери Саят Абдрахманов мушкердин мындай чечим кабыл алуусу тууралуу оюн айтты.
"Эч качан эмоцияга алдырып, чечим кабыл албаш керек. Кимдир-бирөө туура эмес сүйлөсө, аларга жооп берүүнүн кереги жок. Ошондуктан мен Рафаэлди спорттук карьерасын чыңдашы керек деп ойлойм. Аны алдыда абдан маанилүү беттештер күтүп турат. Ал эми бул интригалардын бардыгына сен маани берсең гана маанилүү. Ага көңүл бурбай, өз ийгилигиң менен жооп берген жакшы. Мунун артынан менин короомо дагы таш ыргытып жатышат. Менин ага эч кандай тиешем жок. Ал эми көпчүлүк кырдаалды билебиз деп ойлошот, алар эмне болуп жатканын четин дагы билишпейт", - деди Саят Абдрахманов "В поисках МЕМА" ютуб каналына берген маегинде.
Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.