#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канымбү Карабаева болду. Ал үч журналисттин үч багыттагы суроолоруна жооп берди.
- Сиздин программаңыз медицина тармагына реформа жүргүзүү боюнча жазылган экен. Бирок башка тармакта билим алган экенсиз. Бул программаны ишке ашырууга көзүңүз жетеби?
- Мен Жогорку Кеңешке талапкерлигимди койгондон кийин мага күндө ушул сыяктуу суроолор түшүүдө. Мен юридикалык кесиптин ээсимин жана бул тармакта көп иштедим. Юридикалык билим алгандардын көпчүлүгү сот же прокурор болсом деп тилейт. Мен сотторду тандоо кеңешинин эки чакырылышында иштедим. Муну тилегиме жеттим десем болот. А бирок 2017-жылдан кийин менин турмушка болгон көз карашым, кесибиме жана өзүмө койгон талаптарым өзгөрдү. Себеби мен 2017-жылы катуу ооруп, Индияда операция болдум. Ошондо максаттарым медицина тармагына жараша түп тамыры менен өзгөрүлдү. Ал эми аткаруу жолу тууралуу айта кетсем, жалгыз мен аткара албайм. Себеби мен юридикалык кесиптин ээсимин. Мен медицина тармагында билим алган адистер менен программаны иштеп чыгып, анан ишке ашырам. Бул мамлекеттик деңгээлде аткарылышы керек. Бирок мен Жогорку Кеңешке барып калсам, колдон келишинче бул маселени көтөрүп чыгып, максатты ишке ашырууга аракет кылам.
- Эмгек жолуңузду райондук башкармалыктан баштап, Жогорку Кеңештин аппараты, сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө чейин жеткен экенсиз. Канткенде адам бир тепкичтен экинчисине татыктуу көтөрүлө алат? Бул тууралуу өз тажрыйбаңыздан бөлүшө кетсеңиз.
- Ата-энебиз билимдүү болгула, изденгиле, окугула дечү. Ошол учурда телефон сыяктуу нерселер жок болгондуктан китепканаларга барып окучубуз. Мен компьютер жок болгондуктан машинкага кичинекей текстти эки күн терчүмүн. Анын да өз кыйынчылыктары бар болчу. Ошого чыдап үйрөндүк. Ошол эле кезде биздин айлык маяналарыбыз аз болчу. Өзүңдүн сүйгөн кесибиңдин бардык кыйынчылыктарына чыдаш керек. Дарак бир жерден көгөрөт дегендей, бул тармактын ысык-суугуна чыдадым.
- Көп балалуу мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн экенсиз. Ата-энеңиз, үйдөгү принциптер тууралуу айта кетсеңиз.
- Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энем 12 баланы тарбиялап чоңойтту. Атам география сабагынан мугалим болчу, көзү өтүп кеткен. Ал эми апам Эл агартуунун отличниги. Бүгүнкү күндө 85 жашта. Азыр ардактуу эс алууда. Мурун телефон деген нерсе жок. Ата-энем мугалим болгондуктан көп окушубузду талап кылчу. Биздин үйдө кыз көп болгондуктан атам "Кыз баланы билимдүү кылып тарбиялаш керек. Себеби кыз баланын наны бүтүн болуш керек. Бирөөгө көз каранды болбошу кажет" дечү. Ата-энем иштен келгенде баарыбыз бир дасторкондун үстүндө отуруп тамактанчубуз. Ошол учурда ата-энем бизге көп акыл-насааттарын айтышчу. "Канчалык зоболоңор бийик болсо да жөнөкөй болгула. Карапайым элге жардам бергиле. Эл менен болгула. Боорукер, ыймандуу жана билимдүү болгула" деп тарбиялашкан.
- Программаңыз оор илдетке кабылгандарга, калктын аярлуу катмарына жана социалдык жактан аз камсыз болгондорго багытталган экен. Ал адамдардын үмүтүн актоо эки эсе жогору. Жоопкерчиликти алууга даярсызбы?
- Негизи планым жугуштуу оорулардын алдын алуу жана органдарды алмаштыруу операцияларын Кыргыз мамлекетинде жасоо. Буларды аткаруу өтө оор. Бул жалпы мамлекеттик программа. Күн сайын бир-экиден чет өлкөгө чыгып операция жасатууга жардам сурап кайрылган жарандарды социалдык тармактардан көрөбүз. Алар көчөдө адамдардан акча сурап жүрүшөт. Аргасыздан үй-жайын саткандар бар. Азыр кыргыз ден соолуктун айынан дубана болуп жатат. Кыргыз мамлекетинде органдарды трансплантациялоо бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси. Чет өлкөдөн операция жасатып келүү үчүн долларлар керектелет. Операция болуп келгенден кийин иче турган дарылар биздин өлкөдө чыкпайт. Алар чет өлкөлөрдө кымбат баада келет. Бул жалгыз бир адам чече турган маселе эмес, бул мамлекеттик долбоор болушу керек. Андан сырткары адамдарга массалык түрдө жугуштуу ооруларга акысыз анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгүн түзүү керек. Ошондо калктын ичинде ооругандардын саны келип чыгат. Аларды дарылоо процессинен өткөрүшүбүз керек. Таза чыккан адамдарга жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жасоо керек. Адамдар кээде ооруну алып жүрүүчү экендигин билбейт. Сактануу керек. Биз бул маселени алып чыгышыбыз керек.
- Сиз буга чейин чет өлкөдө операция жасатууга муктаж болгон адамдарга жардам бердиңизби?
- Мен операция болуп келгенден кийин үч жылдай үйдө отуруп калдым. Былтыр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасынан мени парламенттик шайлоого чакырышкан. Ал жерден да мен ушул маселени көтөрүп чыккам. Мен бирөөгө тыйын берип жардам бергидей бай адамдардын катарына кирбейм. Былтыр шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандан кийин "Эрк биримдиги" деген коом ачтым. Себеби депутат болбой калсам да бул маселе кароосуз калбасын дедим. Ал жерден коомдун атынан аталган маселелерди бийлик бутактарына жеткирип, маселелерди чечүүгө аракет кылдык. Чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж болгондорго ортомчу болгондор бар. Алар ооруган адамдан белгилүү өлчөмдө акча жасашат. Биз ортомчусуз чет элдик ооруканалар менен байланыш түзүүгө жардам бердик. Дары-дармекти арзан баада алып келип элге таратып жаттык.
- Оорунун кадырын соо билбейт деген лозунгдарыңыз сиз ооруп калгандан кийин келип чыкканбы?
- Ооба, мен Жогорку Кеңешке "Оору кадырын соо билбейт", "Элимдин ден соолугу - мамлекеттин байлыгы" деген ураандар менен баратам. Мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жардамга муктаж жарандарыбыздын укугун коргоо деген да ураандарым бар. Өзүмө койгон талаптардын баары ооруп калгандан кийин эң негизги максатым болуп калды. Ач кадырын ток билбейт дегендей, ооруган адамга жардам керек десең башка адам анын канчалык кыйналып жатканын билбей басып кетиши мүмкүн. Эч ким оорубайм деп кепилдик алган эмес. Бул Жараткандын сыноосу экен. Биз аны жеңип, андан сырткары башка кыйналып жаткан адамдарга да жардам беришибиз керек экен. Элдин ден соолугу мамлекеттин байлыгы экендигин коронавирус илдетинен кийин билдик. Баарыбыз өз үйүбүздө "өлбө жаным, өлбө" деп жатып калдык. Ошондуктан бул ураандарды катуу көтөрүп жатам.
- Алгачкы кесибиңиз боюнча кондитер экенсиз. Учурда бул кесипти колдонуп жатасызбы?
- Бул кесибим менен 3 жылдын тегерегинде иштедим. Үйдөн убактым болгон кезде таттуу токочторду жасап турам. Үйдөн 17 жашар кызыма үйрөтүп койгом. Ал мени тарткан окшойт 15 жашынан бери таттуу тортторду жасап турат.
- Элге кайрылуу үчүн сизге эркин микрофон берели.
- Биринчи байлык ден соолук. Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм. Эли-журтубуз тынч болсун, элде эч кандай кыйынчылыктар, оору-сыркоо болбосун. Аман болуңуздар. Өзгөчө кайрылып кетет элем, Кыргыз өлкөбүз оор акыбалда турат. Шайлоодо Кыргыз мамлекетинин келечегин чечип алуучу максат турат. 28-ноябрда элге кызмат кыла турган талапкерлерди тандап, мамлекетибиздин келечеги үчүн күйүп, татыктуу талапкерлерди тандап алалы. Элимдин байлыгы ден соолук демекчи, ар дайым ден соолукта болуңуздар.
Аткаруучу: "Супер. кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Чыгарылган күнү: 9-ноябрь, 2021-жыл. Буюртмачы: “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльмира Алмазбекова тарабынан төлөндү. (күб.№6, 01.09.2021 ж.).