Теннисчи Ксения Палкина жекеликте Казакстанда өтүп жаткан Эл аралык мелдештин 2-айлампасына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Маалым болгондой, Ксения жекеликте орусиялык София Смагина менен беттешип, 3 сеттин жыйынтыгында 2:1 эсебинде (7:5, 1:6, 6:1) жеңишке жетишти. Палкина эми чейрек финалга чыгуу үчүн бүгүн, 13-ноябрда казакстандык Екатерина Губанова менен менен беттеш өткөрөт.
Мындан тышкары кыргызстандык теннисчи өзбекстандык Альбина Хабибулина менен жуптукта Гозаль Аинитдинова (Казакстан) жана Анна Махоркина (Орусия) жуптугуна каршы беттеш өткөрөт.