Испанияда өткөн көзү азиз спортчулар арасындагы дуатлон боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчусу Жалалдин Абдувалиев күмүш медалга ээ болду. Мындай сүйүнүчтүү кабарды спортчунун жанында жандап жүргөн Нуршат Абабакиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Испаниянын Авилес шаарында көзү азиз спортчулар арасындагы дуатлон боюнча дүйнө чемпиондугунан күмүш бар. Жеңишке болгон жолунда Жалалидинди жандап жүрүү бактысы буюруптур. Экинчи орунду аз жерден бельгиялыктарга алдырып жибере жаздадык. Кыйын болду, бирок биз ага жеттик. Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясынын иштеп, жасай турган нерселери бар экен", - деп жазган Нуршат Абабакиров.
Белгилей кетсек, аталган чемпионат 6-7-ноябрь күндөрү Испаниянын Авилес шаарында өткөн. Мелдештин жобосуна ылайык, катышуучулар чуркоо менен 5 чакырымды, андан кийин велосипед менен 20 чакырымды, андан кийин дагы 2,5 чакырымды чуркоо менен басып өтүштү.