Бүгүн, 9-ноябрда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова төрөлгөн.
Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет. Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган. 2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова белгилүү машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет.
Жетишкендиктери: 2014-жылы Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунада коло медалга ээ болгон. 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда да коло медалды тагынган. 2017-жылы Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль, Дүйнө биринчилигинде коло медаль. Жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль алган. 2018-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль; Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль; Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медаль алган.