Бүгүн, 9-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекке кайтып келишти.
Балбандарды "Манас" эл аралык аэропортунан жакындары, күйөрмандары тосуп алышты. Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча жалпы 6 балбан катышып, 1 алтын жана 1 күмүш байге утушту.
Эске сала кетсек, 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 1-7-ноябрь күндөрү Белград шаарында өттү.