"Досторго" шашылгыла! Бишкекте арзан баада дүкөндөр тармагы ачылды

Бишкекте арзан баада дүкөндөр тармагы ачылды. Жаңы дүкөндөрдөн сиз күнүмдүк товарларды таба аласыз. Анда жеке бренддерге жана жагымдуу баага басым жасалат.


Европанын жана Орусиянын чекене рынокторун багындырган дискоунтер (баалары базар баасынан арзан, кеңири ассортименттеги товарлар сатылчу дүкөн) форматындагы дүкөндөр эми Бишкекте!


Кыргызстан үчүн бул жаңылык. Мындай форматтын өзгөчөлүгү анын иштөө принцибинде. Дискоунтер (англ. discount – арзандатуу) арзан баанын, товарлардын негизги ассортиментин жана компакт соода аянтынын болушун болжолдойт.


Мисалга алсак, популярдуу европалык арзандатуучулардын бири Германиянын "Lidl" түйүнү, анын көк жана сары соода аймактарында тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарлардын кеңири ассортиментин табууга болот. "Lidl" дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 4,5 миңден ашык дүкөндөрдү өзүнө камтыйт, баасы базар баасынан төмөн жана ар дайым жаңы, сапаттуу товарларды сунуштайт.

"Lidl" супермаркеттери кирешеси аз, үнөмдүү жана сарамжалдуу кардарлар үчүн иштелип чыккан дагы бир немис арзандатуучусу "Aldi`нин" образында түзүлгөн. Бул ыкманын артыкчылыгы минималдуу тейлөө персоналында, жарнама жана арзандатууга муктаждыктын жоктугунда жана чакан соода аймактарын жана аскетикалык интерьерди камтыганында. Минималдуу баалар менен ийгиликтүү иштөө үчүн бардык нерседе үнөмдөө талап кылынат. Ал эми "Aldi" дүйнөлүк он ири соода түйүндөрүнүн бири экендигине караганда, компания жакшы иштеп жатат.

Бишкекте ушундай форматтагы беш дүкөндүн ачылышы ноябрь-декабрь айларында болот. Алар "Достор" деп аталат. Биринчиден, бул жерде достор дайыма тосуп алышат. Экинчиден, соода кылуу үй-бүлө менен гана эмес, достор менен да кызыктуураак. Үчүнчүдөн, ачык эле көрүнүп тургандай "Достор" - баа менен сапаттын оптималдуу катышын сунуш кылган ынанымдуу баалар дүкөнү.


Бул жерде баалар бюджеттик сегмент үчүн иштелип чыккан базарларга салыштырмалуу "чоочутпайт", ал тургай жагымдуураак көрүнөт. Ошондой эле баары ашыкча чыгымдардын жоктугунан улам. Дисконт форматындагы соода түйүндөрүндө кызматкерлер көп эмес. Текчелерде эң керектүү жана популярдуу товарлар гана бар, бул керексиз соода аянтын кыскартууга, компетенттүү сооданын жардамы менен аянттын ар бир сантиметрин эффективдүү пайдалануу - товарларды көрсөтүү. Соода аянтында сатып алуучу адашып кетпейт, өзүн ыңгайлуу сезет. Тажрыйбалуу жана ар тараптуу кызматкерлердин командасы каалаган убакта кардарларга жардамга келет, алар товарларды тандоо боюнча кеңеш берип, кассада кызмат көрсөтө алышат.

"Биз товарлардын оптималдуу жана жөнөкөй ассортиментин сунуштайбыз, бул бизге чыгымдарды азайтууга, ал эми сатып алуучуга биз менен бирге үнөмдөөгө, сапаттуу товарларды ыңгайлуу баада сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда бардык ассортимент ишенимдүү жеткирүүчүлөрдөн, негизинен ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алынат. "Достор" дүкөндөр тармагынан соода белгилери менен катталган товарларды таба аласыз. Өндүрүш ишканалары менен түз келишимдердин аркасында алар үчүн эң арзан баалар белгиленет", - дейт "Достор" ишканасынын категория менеджери Эсен Токтосунов.

Бишкекте ноябрь- декабрь айларында ачыла турган "Достор" соода түйүнүнүн 5 дүкөнү төмөнкү даректерде: Калык Акиев көчөсү - 55 (ачылышы 12-ноябрга пландаштырылган), Жибек Жолу кең көчөсү менен Республикалык көчөсү - 631, Ауэзов көчөсү -11/1, Жаш Гвардия бульвары - 74 жана Горький көчөсү.

Жаңы дүкөн форматын карап көрүңүз. "Достордо" сизге керектүүнүн баары бар, ашыкча эч нерсе жок!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан