Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунан кайтып келери менен эле залга барып машыгуусун баштады. Анын машыгуудагы сүрөтү социалдык тармактарга тарады.
Сүрөттөн Эрназар Акматалиевдин Белграддан уткан алтын медалын көрүүгө болот.
Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунан өлкөгө кечээ, 9-ноябрда гана кайтып келген.
Эске сала кетсек, 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 1-7-ноябрь күндөрү Белград шаарында өттү. Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча жалпы 6 балбан катышып, 1 алтын жана 1 күмүш байге утушту.