Швеция курама командасынын чабуулчусу Златан Ибрагимович футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна анын атаандашы Португалия эмес, Швеция чыгышы керек деген ойдо. Бул тууралуу ал европалык басылмалар менен болгон маегинде билдирди.
“Португалия” күчтүү курама команда. Бирок алар 1-орунду ээлеп, Дүйнө чемпиондугуна түз жолдомо алчу тайпада 2- орунду ээлеп калышты. А биз болсо Европадагы эң күчтүү курама команда болгон Германиянын тайпасында 2-орунду ээледик. Андыктан Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринде Португалия бизден өтүп, Дүйнө чемпиондугуна барганы адилетсиздик болуп калат”,- деди Ибрагимович.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда өз тайпаларында 2-орунду ээлеп калган 8 команда өз ара беттешип, 4 жолдомонун ээсин аныкташат. Алгачкы оюндар 15-ноябрда, ал эми жооптук оюндар 19-ноябрда өтөт.
15-ноябрда орун алчу беттештер: Португалия – Швеция, Украина – Фанция, Греция – Румыния, Исландия – Хорватия