Бишкекте азык-түлүк, кийим-кече саткан дүкөн күйүп кетти. Өрт кырсыгы кечээ, 10-ноябрда катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан маалымдашат.
"Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыгып, жерине 5 куткаруучу тартылды. Өрт 11-ноябрга караган түнү саат 00:02де өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр соода дүкөнү, ичиндеги азык-түлүк жана кийим-кечелери күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.