Күрөш: "Эсеп 7:6". Бекболот Мырзаназар уулунун финалдык беттеши боюнча UWW'дан жооп келди

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулунун финалдык беттешиндеги калыстардын чечими боюнча UWW'дан (Дүйнөлүк күрөш уюму) жооп келди. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк күрөш уюму жалпы эсеп 7:6 болуп, азербайжандык балбан жеңишке жеткенин белгилеген.

9-ноябрда Күрөш федерациясы финалдык беттештеги калыстардын чечимин кайра карап чыгуу үчүн UWW'га кат жөнөткөн.

Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышкан Бекболот Мырзаназар уулу финалда азербайжандык Алиаббас Рзазаде аттуу балбан менен кез келген. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө эсеп 6:6 болуп, калыстар жеңишти азербайжандык балбанга ыйгарышкан. Буга кыргыз балбанынын машыктыруучулары нааразычылыгын билдирип, Бекболот Мырзаназар уулун килемден алып чыгып кетишкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2021-11-11 17:26:32
Тоготмок Беле бизди
+3
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-11 22:25:19
Эртеңда жазгылачы 8.6 болгон деп жооп келип жүрбөсүн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан