Бишкек шаарында 6 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеште өлкөнүн бардык аймагынан жалпы 350 катышуучу күч сынашууда. Мелдеш Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинде өтүп жатат. Медалдар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жаш курактагылар арасында ойнотулат.
Турнир швейцариялык системанын негизинде 7 тур боюнча өткөрүлөт. Мелдеш 14-ноябрда жыйынтыкталат.