"Гүлжигит Алыкулов келе элек". Сингапурга каршы оюнга негизги курамда кимдер чыгат? (тизме)

Бүгүн, 11-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭде Сингапур курамасына каршы беттешет.

Беттеш Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

"Ак шумкарлардын" Сингапурга каршы оюнга карата негизги курамы: Дарбазачы: Эржан Токотаев;

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Айзар Акматов, Кайрат Изаков, Валерий Кичин, Кайрат Жыргалбек уулу;

Жарым коргоочулар: Азим Азаров, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Абай Боколеев;

Чабуулчу: Эрнест Батырканов.

Кыргыз футболдук союзу жеке себептерден улам Гүлжигит Алыкулов курамга кошула электигин белгиледи.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurik555
2021-11-11 18:29:00
Кыргызстан алга!
+2
dastan_nookat
2021-11-11 18:57:04
Ктрк спорт бербейт экен да туз эфир башка оюндарды берет экен окунучту
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан