Футбол: "Ак шумкарлар" Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди (фото)

Бүгүн, 11-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭде Сингапур курамасына каршы беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алды.

"Ак шумкарлар" беттештеги эки голду оюндун биринчи бөлүгүндө жарата алды. Беттештеги 3 гол тең оюндун биринчи бөлүгүндө жаралды. Кыргыз курамасынан голдорду 3-мүнөттө коргоочу Айзар Акматов жаратса, экинчи голду 9-мүнөттө чабуулчу Эрнест Батырканов жаратты.

Эми "Ак шумкарлар" 16-ноябрда Бахрейн курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул оюн Манама шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
IOA
2021-11-11 21:36:18
Азаматтар
+3
dastan_nookat
2021-11-11 21:37:51
Сонун болду
+2
Sajakat14
2021-11-12 03:17:50
Ак Шумкар алга! Сонун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан