Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев АКШда профессионалдар арасында алгачкы беттешин өткөрдү. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” билдирет.
Маалым болгондой, 9-ноябрда Нью-Йоркто өткөн беттеште кыргыз мушкери 70 килограмм салмак категориясында америкалык Патрик Дэй менен беттешти. 6 раунддук беттештин жыйынтыгында беттеш калыстары “беттеш тең чыгуу менен аяктады” деп чечим чыгарышты.
Бокстун казаны кайнаган АКШда профессионалдык рингде тушоосун ийгиликтүү кескен кыргыз мушкеринин кийинки беттеши ушул жылы декабрь айына пландалган.