Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Индияда теннис боюнча өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдеште экинчи жеңишине жетишти. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет. Теннисчи мелдештин биринчи айлампасында жекеликте швейцариялык Яннис Линигерди 2:1 (6:3, 2:6, 6:2) эсебинде утуп алды.
Теннисчинини экинчи айлампадагы атаандашы Тайбэйден келген Жуй-Чен Хунг болмокчу.