Бүгүн, 12-ноябрда кыргыз оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетикада 102 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады. Мындай маалымат оор атлетчинин өзүнө байланышканыбызда белгилүү болду.
"Өлкөнүн буга чейинки рекорду дагы мага таандык болчу. Аны Азия чемпиондугунун алдында жаңылагам. 7-декабрда Ташкент шаарында Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бүгүн Бишкекте өткөн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда 217 килограмм көтөрүп, дагы рекорд жаңыладым. Мындан тышкары жалпы суммадан дагы рекорд жаңыладым", - деди Бекдөөлөт Расулбеков.
Бекдөөлөт Расулбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 96 килограмм салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүдө 166 килограмм, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм көтөрүп, жалпы 374 килограмм менен Олимпиадада 6-орунду камсыздаган.