"Барселона" футболдук клубунун басма сөз кызматы 38 жаштагы бразилиялык коргоочу Дани Алвестин командага кошулганын жарыялады. Футболчу каталондук клубга эркин агент катары кошулган.
Буга чейин "Барселонанын" жаңы башкы машыктыруучусу Хави Дани Алвестин кайтып келишине кызыкдар экени белгилүү болгон. Ал ардагердин командага кайтып келип, жаңы команданы курууга жардам беришин каалаган.
Дани Алвес 2008-2016-жылдары "Барселонанын" курамында ойноп, испаниялык клуб менен 23 Кубок уткан.