Бүгүн, 14-ноябрга караган түнү Париж шаарында футбол боюнча Франция курамасы 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда Казакстан курама командасын 8:0 эсебинде жеңди.
Бул Казакстан курамасынын расмий беттештердеги эң ири жеңилүүсү экендигин коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты. Мурдагы антирекорд 2005-жылы августта болгон. Анда Казакстан 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алууда Түркияга 0:6 эсебинде утулуп калган.
Казакстан курамасынын дарбазасына покерди Килиан Мбаппе жасады. Карим Бензема эки гол киргизди. Адриен Рабьо менен Антуан Гризманн бирден гол киргизишти.
Бул жеңиштен кийин Франция курамасы Катарга жолдомо алды.