Кыргыз футболчусу "Фенербахче" клубуна укмуштуудай гол киргизди (видео)

Түркиянын "Галатасарай" футболдук клубунун жаштар курамасында ойногон кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбеков стамбулдук "Фенербахче" футболдук клубуна эки гол киргизди.

Оюн Стамбул шаарындагы "Фенербахче" клубунун талаасында болгон. Анда Бекназ Алмазбеков каршылаштарынын дарбазасына эки гол киргизген. Анын бир голун кыргыз футболчусу алыскы аралыктан сокку узатып, голго айланткан.

Оюн 0:3 эсебинде "Галатасарай" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Былтыр, 2020-жылы АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) кыргыздын жаш жана таланттуу футболчулары Гүлжигит Алыкулов жана Бекназ Алмазбековду Орто Азиядагы мыкты жаш футболчулардын катарына кошкон.

Бекназ Алмазбеков "Фенербахче" клубуна гол киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Birimdik5555
2021-11-14 11:29:56
Азаматсын
+1
suban78
2021-11-14 12:09:27
Кыргыздар ото эле кучоп баратабызы ыя..
+2
ErkinOkenovich
2021-11-14 12:21:34
suban78,коз тийбесин, соз тийбесин ИнШшАлла спортчу уул кыздарыбызга Аллахым куч кубат берсин Ааминь Ааминь Ааминь
+12
bayern-munchen
2021-11-14 18:13:47
Бекназ менен Таймурас Жана Гулжигит кыргыздын келечеги футбол боюнча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан