Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча кыз-келиндер жана уландар арасындагы Кыргызстандын чемпиондугунун расмий ачылыш аземи болду. Аземге бир катар спорт ишмерлери, мушкерлер катышты. Биринчилерден болуп сөз алган КРнын өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралионов (сүрөттө) жыл ичиндеги бокс боюнча көп ийгиликтер болгонуна токтолду.  

“Мына, быйыл бокс жаатында иш алып барган кызматкерлердин, бокс ишмерлеринин, машыктыруучулардын тыкыр кызматташтыгынын жыйынтыгында Азиянын алтын медалын уттук. Кийинки жылдары да ийгиликтерди багынтууга аракет кылабыз”,- деп билдирди ал.  

 

Эске салсак, мелдеш 16-ноябрга чейин созулат. Беттештер Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан