Түркиянын Стамбул шаарында өткөн каратэ-до спортунун шотокан түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы командалык эсепте бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Каратэ-до шотокан федерациясынан (WSF) билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугуна 30 өлкөнүн спортчулары катышты. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан ар кайсы курактагы 38 каратэчи катышты.
Кыргыз каратэчилер федерациянын тарыхында биринчи жолу 30 медаль жеңип алышты, анын 13ү алтын, сегизи күмүш жана ону коло медаль тагынган. Негизинен медалдарды сегиз жаштан 17 жашка чейинки жаш каратэчилер жеңип алышты.
Жыйынтыгында кыргыз каратэчилер курама командасы 30 өлкөнүн ичинен 5-орунду ээлешти.

Алтын медаль уткан спортчулардын тизмеси:
- Данела Токушева (8-9 жаш курак категориясы);
- Имран Абдугуламов (8-9 жаш);
- Амантур Шакиралиев (8-9 жаш);
- Бексултан Мамажанов (8-9 жаш);
- Арсен Сапарбаев (8-9 жаш);
- Аруна Рысбекова (10-11 жаш);
- Эмир Алмазбеков (10-11 жаш);
- Нурислам Пусуров (10-11 жаш);
- Дастан Абдилазисов (12-13 жаш);
- Медер Кубанычбеков (14-15 жаш);
- Альберт Байышов (14-15 жаш);
- Максат Батырбеков (14-15 жаш);
- Аскат Абдакимов (18 жаштан жогору куракта).