Бүгүн, 13-ноябрда бокс боюнча кыз-келиндер жана уландар арасында өлкө чемпиондугунун расмий ачылышы орун алды. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн ачылыш аземине мушкерлерден сырткары бир катар белдүү инсандар, көрүүчүлөр күбө болушту.
Эске салсак, өлкө чемпиондугуна 110 мушкер катышып жатат.