"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШнын Филадельфия шаарында Кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу балбан кыз социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео жүктөдү.
"Тагдыр кыргыз элинин ынтымагына ынанууга дагы бир себепти тартуулады. "Ынтымак" фонду Филадельфияда жолугушуу уюштуруп, бардыгын мени менен көрүшүүгө жана сүйлөшүүгө чакырды. Чынын айтсам, мынчалык жылуу тосуп алат деп күткөн эмесмин. Баары сонун болду. Мен өлкөмдү бир мүнөт да таштап кетпегендей сезилди.
Келгендер менен көп нерсени сүйлөшүп, кызыктуу жана маанилүү суроолорго жооп берүүгө жетиштик. Уюштуруучуларга жана мени колдоп келгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем. Жекшемби күнү балдарга тилибизди, маданиятыбызды унутпоо үчүн атайын кыргыз тилин үйрөтүп жатканы таң калтырды. Кайсы мамлекетке барбайын мекендештерибиз мени тосуп алып, колдоо көрсөтүп жатышат, бул абдан баалуу", - деп жазды Тыныбекова.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова АКШга эс алуу жана ошол эле учурда машыгуу үчүн барган.