Футбол: "Кейнден покер". Англия Сан-Маринону эки сандуу эсеп менен утуп алды (видео)

Бүгүн, 16-ноябрга караган түнү футбол боюнча Англия курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюнунун акыркы турунда Сан-Марино курамасынын дарбазасына жоопсуз он гол киргизди.

Оюн Сан-Маринонун Серравалле шаарында өткөн. Бул оюнда "Тоттенхэм" клубунун чабуулчусу Гарри Кейн покер жасаган. Ошондой эле Гарри Магуайр (6-мүнөттө), Филиппо Фаббри (15-мүнөттө), Эмиль Смит (58-мүнөттө), Тайрон Мингс (69-мүнөттө), Тэмми Абрахам (78-мүнөттө) жана Букайо Сака (79-мүнөттө) гол киргизишти.

Муну менен Англия курамасы тайпасында жалпы 26 упай топтоп, Катарга жолдомо алды.

Англия Сан-Маринону 0:10 эсебинде жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kg-04
2021-11-16 11:58:54
Кейн Ураган
0
zhaynak
2021-11-16 12:29:47
Кайра эле баягы сабатсыздар баратат чемпионатка.
-2
KG-312
2021-11-16 17:10:28
Кейндики таза эмес, жарымы пенальти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан