Бүгүн, 13-ноябрда Иордания-Уругвай, Мексика-Жаңы Зеландия командалары Дүйнө чемпиондугунун жолдомосу үчүн беттешет

Бүгүн, 13-ноябрда футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында континенттер аралык оюндар болот. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.  
Анда Түштүк Америкадагы тандап  алуу турунда 5-орунду ээлеп калган Уругвай менен Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу турунда 5-орунду ээлеген Иордания курама командасы беттешет. Иорданиядагы беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. 
Дагы бир континенттер аралык беттеш Мексика менен Жаңы Зеландиянын ортосунда болот. Бул оюн түнкү саат 02:00дө башталат. Ал эми жооптук оюндар 20-ноябрда өтөт. 2 оюндун жыйынтыгында 2 жолдомонун ээлери белгилүү болот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан