Футбол: "Ак шумкарлар" Бахрейнге 4:2 эсебинде жеңилип калды (фото)

Кечээ, 16-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бахрейн курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн Бахрейндин Риффа шаарындагы "Улуттук" стадионунда өтүп, анда Бахрейн "Ак шумкарларды" 4:2 эсеби менен жеңип алды.

Кыргыз курамасынан голдорду команда капитаны Валерий Кичин 16-мүнөттө киргизсе, экинчи голду 24-мүнөттө Одилжон Абдурахманов киргизди. Абдурахмановдун бул голу улуттук курама үчүн дебюттук гол болду.

Кыргыз улуттук курама командасы 11-ноябрда БАЭде Сингапур курамасына каршы беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
max-bek
2021-11-17 08:11:50
Эч эле жакшы дарбазачыга жете албай койдук да)))
0
algakaray
2021-11-17 13:06:44
Ойной албай койду биздики. Эч купулума толгон жок. Защита ноль,ончулукту пас бере албай, тез чабуул жок
0
Isken90
2021-11-18 10:41:00
Бизден футболистер чыкпайт жон эле акча коротуп жатабыз качан женген. Башка спорту онуктургуло шерменде болуп журо беребизби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан