Бахрейн менен болгон оюнда Одилжон Абдурахманов алыскы аралыктан кооз гол жаратты (видео)

Кечээ, 16-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бахрейн курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрүп, 4:2 эсебинде жеңилип калды.

Бул оюнда кыргыз футболчусу Одилжон Абдурахманов алыскы аралыктан кубаттуу сокку узатып, гол жаратты. Бул гол менен Кыргыз курамасы 2:1 эсебинде алдыга чыккан. Тилекке каршы, оюндун калган мүнөттөрүндө атаандаштар дагы 3 гол киргизүүгө жетишти.

Одилжон Абдурахмановдун бул голу улуттук курама команда үчүн дебюттук голу болду.

Одилжон Абдурахманов 2021-жылдын 16-январында Өзбекстандын "Бунёдкор" клубуна кошулган. Ал ага чейин Оштун "Алай" клубунда ойногон.

Одилжон Абдурахмановдун голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан