Бишкекте белгилүү спортчу, машыктыруучу, 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда атайын кеңешме өткөнүн өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бул мааракенин алкагында 14-22-ноябрь аралыгында оор атлетика боюнча Эл аралык мелдеш өтөт. Ага бир нече мамлекеттин балбан билек оор атлетчилери келип катышары күтүлүүдө.