Beeline уюлдук байланыштын жана интернеттин сапатын жакшыртууну улантууда. Жыл башынан бери оператор 600гө жакын 4G/LTE базалык станцияларын жаңыртып, ишке киргизди. Жана бул Кыргызстандагы аталган технологиянын жабдууларынын олуттуу бөлүгүн түзөт.
Beeline эл аралык Veon тобуна кирген өлкөдөгү эң ири операторлордун бири жана ал Beeline компаниясына Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан жаңы технологиялык чечимдерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берип, тармактын өнүгүшүн багыттоодо.
Ошону менен бирге компания республиканын алыскы райондорунда станцияларды дайыма жаңыртып, куруп турат. Быйылкы жылы модернизациялоонун жана жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнүн басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калктуу конуштарында болду.
Жаңы жабдууларды жакшыртуу жана ишке киргизүү Beeline'га мобилдик интернеттин сапатын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берди. Бул аймактардагы компаниянын көптөгөн абоненттери жакшы сапаттагы жана ыңгайлуу интернет ылдамдыгы менен мурдагыдан дагы көп видеолорду көрүп, жүктөп ала алышат. Жүктөлүп алуунун кечиктирилиши жана эң кызыктуу жерде тасманын токтоп калышы, албетте, Beeline абоненттерине тишелүү нерсе эмес.
Beeline өз кардарларына кам көрөт, ошондуктан компания күч-аракетин көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына буруу менен, жаңы станцияларды ишке киргизүүнү, телекоммуникация тармагына акыркы технологияларды жайылтууну улантууда,
Муну менен катар Beelineдын техникалык адистери компаниянын ишинин артыкчылыктуу бөлүгү болуп саналган тармактын каптоо географиясын кеңейтүү боюнча иштерди улантууда.
Beeline - сизге камкордук менен!