Урматтуу спортчулар жана стол теннисинин күйөрмандары! Ушул жекшемби күнү саат 10:00дө Стол тенниси ассоциациясынын залында акчалай негизде турнир өтөт. Каттоо саат 09:30да башталат. Турнирге 200 сом төлөм төлөгөн бардык каалоочулар катыша алат. Иш-чараны жүргүзүү системасы катышуучулардын санына жараша калыстар тобу тарабынан кабыл алынат.
Турнир 21-ноябрда Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсү, 59 (№65 эколог-экономикалык лицей) дарегинде өтөт.
Суроолор боюнча байланыш номери: 0501 24 12 34.