Бишкекте милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды колго түшүрүштү. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалган жаран үйгө кирип, баалуу буюмдарды, акча каражатын алып кеткен.
10-ноябрда шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, саат 13:30дан 17:30 чамасына чейинки аралыкта үйүнө кирип акча каражатын, алтын, күмүш зер буюмдарын уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене ("уурулук") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Териштирүүнүн жүрүшүндө шектүү катары 1989-жылы туулган С.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу шаар тургундары, эгерде уурулук фактысына күбө болсоңуз же кандайдыр бир маалымат билсеңиз 0 502 28-28-68, 0 550 102-659, 0 552 102-284 же 102 номерлерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз", - дешет милициядан.