17-ноябрда Бишкек шаарында ырчы Лутфилла Бусурманкул уулунун жеке концерти өттү. Ырчынын "15 жыл сахнада" аттуу концерти манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бата берүүсү менен башталды.
Концертте бир топ ырчылар чыгармаларын тартуулашты. Ошону менен катар эле Лутфилла Бусурманкул уулуна белектерин тапшырышты. Курулуш компаниялардын бири ага бир бөлмөлүү батир белекке берди. Анда ырчы көзүнө жаш алды.
Мындан тышкары Лутфилла Бусурманкул уулу апасына ыр арнап, ага гүлдесте берди.