2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алууда Европанын квалификациялык турниринен кийин Катардагы турнир көптөгөн мыкты оюнчуларды жоготту. Анын ичинен эң кымбат ондукту Эрлинг Холанн жетектейт. "Боруссиянын" чабуулчусу сыяктуу эле Дүйнөдөгү эң ири турнирлердин бирине катышпай кала турган бактысыз футболчулар кимдер?
1. Миралем Пьянич (Босния жана Герцеговина, "Бешикташ") - трансфердик баасы 18 миллион евро.
Босния жана Герцеговина өз тайпасында Казакстанды гана артта калтырды. Бул курама сегиз беттештин биринде гана жеңишке жетти. Тандоодогу беш беттеште Пьянич Финляндия менен Казакстандын дарбазасына эки гол киргизген. Эки оюн тең 2:2 эсебинде аяктаган.
2. Манор Соломан (Израиль, "Шахтёр") - трансфердик баасы 20 миллион евро.
"Шахтёрдун" чабуулчусу азырынча көп гол киргизе элек. Украина чемпионатында ал 12 оюнда үч гол киргизди. Ал эми улуттук курама үчүн 26 оюнда төрт гол. Футболчунун акыркы жетишкендиктеринин бири сентябрда Израилге Австрия курамасын 5:2 эсебинде жеңүүгө жардам бергени. 22 жаштагы футболчунун баасы өз өлкөсүнүн курамасында эң кымбат.
3. Мараш Кумбула (Албания, "Рома") - трансфердик баасы 22 миллион евро.
21 жаштагы албаниялык футболчу үчүн "Рома" клубу 26 миллион 500 миң евро төлөгөн. Ага чейин Кумбула өткөн сезондо мыкты оюн көрсөткөн "Верона" клубунда ойночу. Албания курама командасынын тайпадан чыгууга олуттуу мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бирок ошого карабастан Венгрия курамасына караганда жакшы жыйынтык көрсөтүп, тайпасында үчүнчү орунду ээледи.
4. Доминик Собосали (Венгрия, "Лейпциг") - трансфердик баасы 25 миллион евро.
Венгрия курама командасынын башкы жылдызы "Евро-2020" турнирине катышпай калган. Бирок "Зальцбургдан" "Лейпцигге" өтүп, лидерлик сапатын көрсөтө алды. "ПСЖ" менен болгон беттеште Собосали Неймардын жинине бир аз тийген. Венгриялык футболчу талаанын кайсы жеринен болбосун сокку узата аларын дарбазачы Жанлуижи Доннарумма айткан.
5. Стефан Савич (Черногория, "Атлетико Мадрид") - трансфердик баасы 25 миллион евро.
Улуттук команда үчүн дагы, клуб үчүн дагы эң маанилүү футболчу. Савич жаракат алып же дисквалификация болбосо Черногория жана "Атлетико" үчүн дайыма негизги курамда ойнойт. Бирок оюнчуда дисквалификация көбүрөөк болот. Алсак, Испания чемпиондугунун акыркы сезонунда ал 15 сары айып кагазын алган.
6. Мартин Эдегор (Норвегия, "Арсенал") - трансфердик баасы 40 миллион евро.
Эдегор үчүн "Арсенал" клубуна көнүп кетүү оңой болгон жок. Бирок акыры футболчу Микель Артетанын урматтоосуна гана эмес, келишимди сатып алуусуна дагы жетишти. Эдегор азыр толук кандуу "Арсенал" клубунун оюнчусу жана 24 жылдан бери дүйнөлүк чемпионатта ойнобогон Норвегия курама командасынын экинчи жылдызы.
7. Милан Шкриниар (Словакия, "Интер") - трансфердик баасы 60 миллион евро.
"Интердин" коргоочусу жана Словакия курама командасынын мыкты футболчусу. Милан Шкриниар Катардагы Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Балким, аны кийинки Дүйнө чемпиондуктарынан көрүп калаттырбыз.
8. Ян Облак (Словения, "Атлетико Мадрид") - трансфердик баасы 70 миллион евро.
Дүйнөдөгү эң мыкты дарбазачылардын бири "Евро 2020" турнирине катышкан эмес. Эми минтип анын курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунан өтпөй калды. Ян Облак кайрадан ири турнирде ойнобойт.
9. Эрлинг Холанн (Норвегия, "Боруссия Дортмунд") - трансфердик баасы 150 миллион евро.
Футболдук эмес өлкөдө төрөлгөн дагы бир таланттуу оюнчу. Норвегия паспортунун аркасында Холанн келечекте Дүйнө жана Европа чемпионаттарында ойнобогон "Алтын топтун" саналуу ээлеринин бири болуп калуу коркунучу бар.