21-25-ноябрь күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү спорттун самбо түрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Кыргызстан курама командасына тандоо туру болду. Аталган спорттук иш-чара 26-октябрдан 12-ноябрга чейин Ош шаарында болуп өттү. Жалпысынан тандоо турунан 25 спортчу тандалып алынып, учурда машыгууларын улантууда.