UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке келгендеги видеосун социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.
"Мен үйүмдөмүн", - деп жазды видеонун алдына Шевченко.
Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 21-ноябрда келген. Мушкер айым бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт.
26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.